Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеӊешинин V шайланган XVI-сессиясы
2014-жылдын 11-октябры № 4
Айыл өкмөтүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Орозбаева Кымбаттын арызын кароо
Кыргыз Рсепубликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасынын жана Кыргыз Рсепубликасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 9-берене- синин 1-абзацынын 7-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн кадрлар бөлүмү- нүн башчысы К.Орозбаеванын Ош технологиялык Университетинде контракт- тык негизде окуп жаткандыгына байланыштуу жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, анын көп жылдык эмгегин, жалгыз бой эне жана үч баланы тарбиялап, окутуп жаткандыгын эске алып айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы К.Орозбаеванын билимин өркүндөтүү үчүн 20 400 (Жыйырма миё төрт жүз) сом өлчөмүндө төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө чыгымдарды башкаруу аппаратына бөлүнгөн каражаттардын эсебинен ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айлдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов
|