Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеӊешинин V шайланган XVI сессиясы
2014-жылдын 11-октябры № 5
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга киреше жана чыгаша сметасына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айылдык кеӊештин депутаттары айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р.Рахматовдун 2014-жылга 9 айлыгынан кийинки ашыкча түшкөн акча каражаттарынын киреше жана чыгаша сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкууланып, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджет план боюнча 15880,8 миӊ сом болуп, аткарылганы 17324,4 миӊ сом түзгөндүгү белгиленсин.
2.2014-жылдын 9 айында иштетилбей калган статьялардагы акча каражаттарын бөлүмдөн бөлүмгө (раздел) өткөрүп, каржылоого уруксат берилсин.
3.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында атайын каражат план боюнча 2614,6 миӊ сом болуп, аткарылганы 2575,6 миӊ түзгөндүгү белгиленсин.
4.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айлык бюджети ашыкча каражаттардын киреше жана чыгашалары менен 2568,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1, №2 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
6.Кара-Суу райондук финансы бөлүмүнөн ашыкча түшкөн киреше эсебинен план иштеп берүү жагы суралсын.
Кашкар-Кыштак айлдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов
|