Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 5/2
“Ак-Кыя айыл округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана
аянттарын бекитүү жөнүндө”
Ак-Кыя айыл округунун жайыттары тышкы чек аралары боюнча жасалган материалдарды жана 2012-жылы 19-декабрьда түзүлгөн чектеш айыл округдары менен макулдашуу жана меморандумун карап чыгып, Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек аралары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Кыя айылдык округунун жайыттарынын жалпы аянттары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сары-Булак, Бел – Сары-Булак жана Ак-Кыя участкасындагы 2728 га жайыт жерлери мыйзамсыз 2004-2005-жылдары Сары-Булак айыл өкмөтүнө өткөрүлгөн. Учурда бул 2728 га жайыт жерлерин Ак-Кыя айыл округуна кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу карталарга жогорудагы участкалар бекитилсин.
4. Бул токтомдогу көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянтын макулдашуу жагы Кочкор райондук жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Абрахманова |