Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 11-майы № 257/28-4
"Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин
2007-жылдын 11.05. №200/22-4 сандуу токтому
менен кабыл алынган Талас шаарынын жергиликтүү
жамаатынын Уставына толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндөгу" жаны Мыйзамы жаны кабыл алынгандыгына
байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын
Уставына" толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында депутаттардын
Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы-
нын" VI жана Х бөлүмдөрүнү төмөндөгү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизил-
син.
а) VI "Шардык кеңеш" бөлүмдөрүнө ;
- 15 пунктунун 13 жана 18 пунктчалары толугу менен алынып салынсын;
- 15 пунктун 17 пунктчасынын "жана анын орун басарларына" деген
сөздөр алынып салынсын/
б) VI "Шардык кеңеш" бөлүм төмөндөгүдөй мазмуундагы пунктчалар менен
толукталсын
- сөздө аныктаган типтуу ченемдердин негизинде мэрдин сунушу боюнча
жергиликтүү өзалдынча
башкаруусу-мэриясынын структурасын жана штаттык санын бекитет;
- Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн,
ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу
жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
бекитет;
в) Х "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы-шаардын мэри" бөлүмүнөн
- 68 пунктунун 3 пунктчасынан "ички иштер органынын, ортко каршы Мамле-
кеттик кызмат органдарынын, казына тутумдарынын, бажы органдарынын" деген
сөздөр алынып салынсын.
г) Х "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы - шаардын мэри" бөлүму
төмөндөгү пунктча менен толукталсын
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын вице-мэрлерин,
Тузумдук бөлүмдөрдун жетекчилерин, ошондой эле мэриянын аппаратынын кызмат-
керлерин дайындайт жана кызматтан бошотот.
2. Кабыл алынган токтом Талас областтык юститция башкармалыгынан
Мамлекеттик каттоодон аткарылсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаарынын "Жаны багыт" газетасына жарыялан-
сын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзомолдук кылуу шаардык кеңештин "Мыйзам-
дуулук жана укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу иштери
боюнча" (С.М.Кыдыралиев) туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Осмонов
Макулдашылды:
Жетектуучу адис-юрист А.Койчубеков