Редакцияот 16.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин XI чакырылышынын V сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 11/4

Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылына

караштуу Сай тараптагы жаштардын стадионуна айылга

жакын болгондуктан элдердин коопсуздугун сактоо

максатында улак чыкканга тыйуу салуу жөнүндө

 

Кашка-Жол айыл окмотуно караштуу №5001 шайлоо участкасынын депутаты А.Сулаймановдун Стадионго элдин коопсуздугун сактоо учун улак чабууга тыйуу салуу учун берген маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жийде айылына караштуу айылга жакын жайланышкан жаштардын стадионуна элдин коопсуздугун сактоо максатында 2015-жылдын 16-февралнан баштап улак чабылбасын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жийде айылынын айыл башчысына жана Кашка-Жол айылдык Кенештин тиешелуу туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Кашка-Жол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Абдырахманов