Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XVI (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 11-октябры № 3
Жайыт комитетинин төрагасы
Т.Эргешовдун билдирүүсү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун жайыт комитетинин бюджетинен чыгаша болгон акча каражаттарынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун жайыт комитетинин бюджети нен чыгымдалган чыгашалардын далилдөөчү иш кагаздары жок болгондугуна байланыштуу иликтеп чыгуу жана кезектеги сессиянын кароосуна коюу үчүн айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовго чыгымдалган чыгашалардын далидөөчү иш кагаздарынын топтомун туруктуу комиссияга көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |