Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XVI (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 11-октябры № 1
Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин
2014-жылдын 17-майындагы кезексиз
XIII-сессиясынын № 1токтомунун аткарылышы жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин 2014-жылдын 17-майындагы кезексиз XVI-сессиясынын ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча №1 токтомунун аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин 2014-жылдын 17-майындагы кезексиз XIII-сессиясынын ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча № 1 токтомунун аткары лышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин маа лыматы эске алынсын жана токтомду иш жүзүнө аткарууну күчөтүү жана атка- рылгандыгы жөнүндө кезектеги сессияга кошумча маалымат даярдоо жагы ;
- аймактагы айылдарда ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия жана мечиттин имамдары, айыл аксакалдары жана активисттери менен бирдикте эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп,токтомдун талаптарын аткарбаган жарандарга карата аракеттеги мыйзамдардын негизинде тартиптик чараларды кескин түрдө колдонуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кенештин иштери жана депутаттык этика жана айылдарда түзүлгөн комиссияларына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |