Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 6-сентябры № 5
Айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги жер
аянтына убактылуу ашкана курууга ижарага берүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанына РСК банк жакын арада пайдаланууга бериле тургандыгын айтып, ошондой эле алыстан келген жарандар, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Кашкар-Кыштак ҮДТнун кызматкерлеринин тамактануусу үчүн айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги 80 м2 жер аянтына убактылуу ашкана куруу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү сунушун депутаттар талкуулап чыккандан кийин, айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги 80 м2 жер аянты убактылуу ашкана куруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Убактылуу ижарага берилген ашкананын курулушу тиешелүү иш кагаздары даярдалып бүткөндөн кийин курулуш иштери башталсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |