Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 6-сентябры № 4
Кенжекул айылынын тургуну Абдикеримова Азаданын
арызы жөнүндө
Кенжекул айылынын тургуну Абдикеримова Азаданын 06.08.2014-жылдагы жазган арызында өз менчигиндеги 1300 м2 жерлерин (мурдагы консерва цехинин орду) Кара-Суу райондук шаар куруу совети тарабынан 14.03.2014-жылдагы өткөрүлгөн №2/14 сандуу протоколунун негизинде жердин максаттык багытын өзгөртүү боюнча кайрылган иш кагазын айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы А.Динбаев депутаттардын кароосуна сунуш кылды. Депутаттар кеңири талкуулап чыгып, бул маселени элге салыш керектигин, эл макул болбостугун, себеби ал жерге концервный цех болгон. Элге пайдасы тийген ишкана курууну сунуш кылышып, көпчүлүк депутаттардын талкуусунан кийин, айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдикеримова Азаданын 2014-жылдын 6-августундагы анын менчигинде турган айыл чарба багытындагы 1300 м2 жер аянтынын (мурдагы консерва цехинин ордун) максаттык багытын башка багытка өзгөртүү боюнча жазган арызы канааттандырылбасын.
2. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу \ч\н берилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |