Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 6-сентябры № 2
Айылдык кеңештин депутаты Хошимов
Кодиржандын ыйгарым укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Депутаттар 9 мандаттуу “Шарк хакикаты” шайлоо округунан депутат Хошимов Кодиржан Нишановичтин депутаттык мандатынан баш тарткандыгы жөнүндөгү жазган арызын талкуулап чыгып жана Кыргыз Рсепубликасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесиинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнүн негизинде оз арызын жетекчиликке алып айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 9 мандаттуу “Шарк хакикати” шайлоо округунан депутат Хошимов Кодиржан Нишановичтин арызы канааттандырылып, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |