Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 6-сентябры № 1
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын «Ачы» массивин өнүктүрүү, суу алып келүү жана
электр линияларын тартуу үчүн 3,94 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы токтомунун негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагынын
“Ачы” участкасындагы жерлеринен “Ачы” массивинин инфрастурктурасын өнүктүрүү максатында ал жерлерге агын суу алып келүүгө, электр линияларын тартууга жана коммуникациянын бардык түрлөрүн киргизүүгө жайыт жерлеринен 2,69 га, кайрак айдоо жерлеринен 1,15 га жана айыл чарбасына ыёгайсыз жерлерден 0,10 га, жалпысы 3,94 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Динбаев Алмаздын сунушун депутаттар кеңири талкуулап чыгып, макулдук берүү максатында айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын “Ачы” участкасындагы жерлеринен “Ачы” массивинин инфрастурктурасын өнүктүрүү максатында ал жерлерге агын суу алып келүүгө, электр линияларын тартууга жана коммуникациянын бардык түрлөрүн киргизүүгө жайыт жерлеринен 2,69 га, кайрак айдоо жерлеринен 1,15 га жана айыл чарбасына ыёгайсыз жерлерден 0,10 га, жалпысы 3,94 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |