Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 7
Мөнөк айылынын тургуну Жолборсов
Таирдин жеке менчик дүкөнүн башка
жерге жылдыруу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун Мөнөк айылынын борбо рун архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү жана маданият үйүнүн кире бериш жерине арка куруу максатында Жолборсов Таирдин жеке менчик дүкөнүн башка жерге жылдыруу керектиги жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылынын борборун архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү жана маданият үйүнүн кире бериш жерине арка куруу үчүн Жолборсов Таирдин жеке менчик дүкөнүн башка жерге жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жолборсов Таирдин жеке менчик дүкөнүн башка жерге куруу үчүн жер тилкесин көрсөтүп жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө кукутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |