Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 6
Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүүгө
кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин сунущун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРӨ токтому менен “Ачы” массивинен жарандарга жеке турак жай берүү үчүн ажыратылган жер аянттарын Жарооз айылындагы үлүш жерлерге которуу үчүн жарандардын күбөлүктөрүн жаёылоо, Жарооз айылындагы “Майский” көчөсүн дөгү ашыкча ээленген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, жана башка иш кагазда рына алынуучу төлөм акыларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин жана ал чыгымдар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алган жарандардын эсебинен толтурулсун.
2. Жерлерди которуштуруу жана ага байланышкан мыйзамдаштыруу маселелерин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө кукутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |