Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 5
Жарооз айылындагы «Майский» көчөсүнөн
жеке турак жай куруу үчүн берилүүчү жер
тилкелеринин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Депутаттар туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат А.Тажибаевдин Жарооз айы- лынын «Майский» көчөсүнүн тургундары өздөрүнө жеке турак жак жай куруу үчүн бекитилип берилген жер тилкелеринен тышкары муниципалдык менчикке тиешелүү болгон, ашыкча ээлеп алган жерлерди кайтаруу жана ал жерлерди башка атуулдарга жеке турак жай куруу үчүн берип, анын өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылынын «Майский» көчөсүндөгү жарандардын өздөрүнө бекитилип берилген жер тилкелеринен тышкары ашыкча ээленген жер тилкелери кайтарылып алынсын.
2. Кайтарылып алынган жер тилкелеринин эсебинен жеке турак жай куруу үчүн арыз жазып, кезекте турган тургундарга жеке турак жай куруу үчүн 0,08 гадан жер тилкелери ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жерге жайгаш тыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия- сына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |