Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIV (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 1
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте
турган жерлерди сатуу жана ижарага берүү
боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жерлерди менчикке сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча кенештин катчысы М.Маматалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жерлерди менчикке сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын мүчөсү С.Мамазакиров башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна айыл өкмөтүнүнжер адиси А.Динбаев киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча иш кагаздарын аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |