Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 3
Аймактагы айылдардын элдик
жыйындарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттар аймактагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын прото- колдорун талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйын дардын, атап айтканда;
Кашкар-Кыштак айылынын № 1, № 2 участкаларынын 2014-жылдын 31-мартындагы ;
- Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу,
-Кашкар-Кыштак айылынын тургундары үчүн ичимдик суунун төлөм акысы бир айга бир адамга көчөдөн ташып ичкендерге - 13 сомдон, ал эми короонун ичине суу киргизгендерге ( краны барлар) - 23 сомдон белгилөө.
Мөнөк айылынын 2014-жылдын 28-апрелиндеги ;
- Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу,
- Мөнөк айылынын тургундары үчүн ичимдик суунун төлөм акысы бир айга бир кожолукка короосуна суу киргизгендер үчүн – 100 сомдон, көчөдөн ташып ичкендерге – 70 сомдон, ад эми жаңы конушта суу түтүктөрү жок ташып ичкендерге – 50 сомдон белгилөө,
Кенжекул айылынын 2014-жылдын 27-мартындагы ;
-Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу,
Жарооз айылынын 2014-жылдын 25-мартындагы ;
-Айылдагы 3 га карьерди айылдын тургундарынын муктаждыгы үчүн муниципалдык менчикке кайтарып алуу,
- Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу,
Бекжар айылынын 2014-жылдын 26-мартындагы;
-Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу,
Алгабас айылынын 2014-жылдын 26-мартындагы ;
- Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Т.Юнусовдун атын ыйгаруу жөнүндө сунуштаган протоколдору бардык пункттары менен бекитилсин.
2. Протоколдордо көрсөтүлгөн сын-пикирлер жана сунуштар эске алынып, түзүлгөн иш чаралар планынын негизинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтү- нүн тиешелүү адистерине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мен- чик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |