Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 7
Кара-Суу райондук мамлекеттик
нотариусуна акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин катчысы М.Маматалиевдин Кара-Суу райондук мамлекеттик нотариусу тарабынан 2013-жылдан баштап ар бир жүргүзгөн нотариалдык аракеттеринен 90% өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн бюджетине ко- шумча акча түшүп жаткандыгы жана нотариаттын имараты ремонтко муктаж экендиги, ошондуктан анын имаратын ремонттоого акчалай жардам көрсөтүү жөнүндөгү билдирүүсүн жана сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик нотариусу айыл өкмөтүнүн бюджетинин кошумча толукталышына өз салымын кошуп жаткандыгы жана анын имараты ремонтко муктаж экендигин эске алып, анын имаратын ремонттоо үчүн жерги ликтүү бюджеттен 10 000 (Он миң) сом өлчөмүндө ажыратылып берилсин
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р) –нотариус үчүн ажыратылган акча каражатын которуп берүү жагын камсыз кылсын жана отчеттук мезгилде нота- риалдык аракеттерден түшкөн акча каражаттары жөнүндө маалымат берип турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мен- чик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |