Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 6
Айыл өкмөтүнүн ветеринардык
врач штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августун дагы № 451 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны жөнүндөгү» тиркемени талкуулап чыгып жана анын негизинде айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө - участкалык ветеринардык врачты контрактык негизде жумушка кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-ав- густундагы № 451 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны жөнүндөгү» тиркеменин талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө - участкалык ветеринардык врачка эмгек акы тө- лөөдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн токтомду жана Кыргыз Респуб- ликасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мен- чик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |