Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 5
Мөнөк айылындагы мончону
ижарага берүү жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын тургундарынын мончонун абалы, тактап айт канда, мончо көп жылдардан бери ремонт болбой, ички бөлмөлөрү жыттанып кеткендиктен беймарал жуунууша мүмкүнчүлүк жок экендиги, санитардык-гигиеналык эрежелерге жооп бербей тургандыгы жана мончону ижарага берүү керектиги жөнүндөгү, жазган арызын талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылындагы мончону ижарага берип иштетүү максатында конкурс өткөрүлүп, конкурстук негизде ижарага берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнө – конкурстун шарттарын иштеп чыгуу, конкурс жарыялоо жана конкурстан жеёип чыккан атуул менен ижара келишимин түзүү жактары милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |