Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 4
Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түштүк
резиденциясынын балансындагы Волга «Газ-3110» маркасындагы жеӊил машина-
сын айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун Кыргыз Республи- касынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түштүк резиденциясынын балансындагы Волга «Газ-3110» маркасындагы жеӊил машинасын айыл өкмөтү нүн балансына өткөрүүгө жогорку органдар тарабынан макулдук берлигендиги жана ошондуктан айылдык кенештин да макулдугу керек экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түштүк резиденциясынын балансындагы 2006-жылы чыгарылган, мамлекеттик № 3925 0А Волга «Газ-3110» маркасындагы жеӊил машинасын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Р.Рахматов) аталган жеӊил машинаны айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча иш чараларды аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |