Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 2
Депутаттар депутаттык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн рейд жөнүндөгү М.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн адистери менен бирдикте жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгы жана анын натыйжасында айтылган Т.Юнусов атындагы көчөсүндөгү курулуш материалдарын, көмүр саткан дүкөндөрдү бир жерге топ- топ, базар ачуу жөнүндөгү сунуштар эске алынсын.
2. Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана курулуш материалдар базарын ачуу боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн адистери менен бирдикте кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүү жана базар ачуу үчүн ылайыктуу жер тилкесин табуу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык кенештин туруктуу комиссиясына иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кезектеги сессияда маалымат беришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жайы, курулуш, транспорт, сода байланышы жана энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |