Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 1/1
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө
Т.Юнусовдун атын ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелинде болуп өткөн отчеттук чогулушунда (ар бир айылда өткөрүлгөн элдик жыйын- дарда) сунушталган Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүп, Социа- листтик эмгектин Баатыры, СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз Республи касынын Жогорку Советинин депутаты, Ленин жана Эмгек Кызыл Туу орден- деринин ээси, эмгектин ардагери Т.Юнусовдун атын ыйгаруу жөнүндөгү суну- шун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасында географиялык обьекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» Жобосунун 1-гл.1-бер, 2-гл.5-бер. 2-абзацынын, 6-бер.1-жана 3-бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы айылдардын атуулдарынын Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүп, Социалисттик эмгектин Баатыры, СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты, Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси, эмгектин ардагери Т.Юнусовдун атын ыйгаруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүү маселеси Кара-Суу райондук мамлекеттик жергиликтүү администрациясына тиешелүү тартипте жогорку мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүү үчүн сунушталсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |