Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XIII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 17-майы № 1
«Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт»
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги отчеттук
чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелинде болуп өткөн отчеттук чогулушунда (аймактагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындарда каралган маселелердин негизинде)айтылган кайрылууларды, сын-пикирлерди жана сунуштарды угуп жана талкуулап чыгып, ысырапкорчулукту азайтуу максатында айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги отчеттук чогулушунун протоколунда көрсөтүлгөн кайрылуулар, сын-пикирлер жана сунуштары, атап айтканда , маркумду узатууда ;
- адам каза болгон үйдө үч күнгө чейин ири мүйүздүү жандык (уй, жылкы ж.б.) союлбай аза күтүү,
- үч күн өткөндөн кийин экиден ашпаган майда жандык союлуп, куран окутуу,
- тажия болгон үйгө тамак ичүү үчүн 60 жаштан ашпаган атуулдарга кирүүгө тыюу салуу,
- маркумдун «Пайшанбалик», «Кырк күндүгүн» өткөрүү жоюлуп, маркумдун урук-туугандары үчүн гана өткөрүү,
- жыртыш, себет жана майда-барат буюмдар (атыр, самын, жип, чыны ж.б.) жана акча таркатууну жоюу,
- батага келген адамдар маркумдун жакындарына берилүүчү кийиттерди ток- тотуп, анын ордуна акчалай жардам көрсөтүү,
- маркумдун кабырына өтө кымбат баадагы эстеликтерди тургузууну токтотуу, анын ордуна шариатта каралган эрежелерди иштөө,
- маркумдун жылдыгын өткөрүүдө (ак кийдисинде)туугандарына кымбат баа луу кийимдерди кийгизбөө жана ири мүйүздүү мал (уй, жылкы ж.б.) сойбоо,
- маркумдун бир айылда жашаган балдары жана бир туугандары бөлөк-бөлөк кудай өткөрүү токтотулуп, анын ордуна акчалай жана материалдык жардам көрсөтүү,
- маркумдун кошуналары алыстан келген туугандарына гана жеңил тамак берүүнү уюштуруу,
Тойлордо жана башка салтанаттарда ;
- кыз той, үйлөнүү той, уул той, үй той, юбилейлер ж.б. салтанаттарда ысырапкерчиликке жол бербөө менен өткөрүү,
- күйөө баланы коштоп чыккан машиналардын санын бештен ашырбоо,
- тойлорго севет жана кымбат баалуу кийим-кече алып келүү токтотулуп, анын ордуна акчалай жардам берүү,
- тойго келген конокторго түйүн алып кетүүнү токтотуу, тек гана жеп-ичип кетүү,
- күйөө баланын жана келиндин ата-энесине гана сарпай кийгизүү,
- күйөө баланын үйүнө кырк күн тамак (мазар) ташууга, «жоро отуруш» өткөрүүгө жана балалуу болгондо сарпай кийгизүүгө тыюу салуу,
- тойлордо жана башка салтанаттарда спирттик ичимдиктерге тыюу салуу,
- жашы 18 толо элек кыздарды турмушка берүүгө тыюу салуу,
- мечиттин имамдарына нике күбөлүгүсүз нике окууга тыюу салуу,
андан тышкары :
-айылдардагы дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерин аптанын жекшемби күнү гана сатуу,
- мектептерден, интернаттардан жана балдар бакчаларынан 100 метр аралык- та жайгашкан дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерин (арак, коньяк, вино, ягуар ж.б.) сатууга такыр тыюу салуу жөнүндөгү протоколу бекитилсин .
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөтүнүн адистеринен, ар бир айылдын депутаттарынан, аксакалдардан, аял -дар кенешинин жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн жана айыл активдеринен турган атайын комиссиялар түзүлсүн.
3. Ушул токтомдун талаптарын бузган жана баш ийбеген жарандарга карата комиссия тарабынан 25000 (Жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө айып салынып, административдик чаралар колдонулсун.
4. Айыптардан түщкөн акча каражаттарын комиссия каттоого алып, айыл өкмөтүнүн бюджеттен тышкары фондуна кириштелип, ошол айылдын элдик жыйынынын чечими менен ар бир айылдын өзүнүн муктаждыктары үчүн пайдаланылсын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү айыл аймагында жашаган ар бир кожолукка маалымат иретинде таркатылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кенештин иштери жана депутаттык этика жана айылдарда түзүлгөн комиссияларына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |