КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 15
Кашкар-Кыштак айылында «Өз алдынча
башкаруу органын түзүү» (ТОС) жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин катчысы М.Маматалиевдин бул күнгө чейин айыл өкмөтүнүн Мөнөк, Кенжекул, Алгабас, Бекжар жана Жарооз айылдарында «Өз алдынча башкаруу органдары» уюштурулуп, алар өздөрүнүн Уставдары менен мөөр жана штамп алышып, иштеп жатышкандыктарын жана ушундай эле структураны Кашкар-Кыштак айылында да уюштуруу зарыл экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн жана Кашкар-Кыштак «Өз алдынча башкаруу органынын» Уставын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып,Кашкар-Кыштак айыл дык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын беренесинин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылында «Өз алдынча башкаруу органынын» (кыскартылганы «ӨАБО») Уставы бекитилсин.
2. «ӨАОБнын»(ТОСтун) иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |
1. Жалпы жобо
1.1. «Кашкар-Кыштак» аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу (кийин АКӨБ) Кыргыз Республикасынын2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101 Мыйзамына ылайык түзүлөт.
1.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү жарандардын өздөрү түзгөн уюм (51-берене).
1.3. АКӨБ келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жергиликтүү маанидеги айрым башкаруу функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн мекеме болуп эсептелинет (КР Жарандык кодекси, 164-берене).
1.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун аталыштары:
-мамлекеттик тилде: “Кашкар-Кыштак” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу.
-официалдуу тилде: Территориальное общественное самоуправление «Кашкар-Кыштак».
1.5. Кыскача аталышы (кыскартылганы): мамлекеттик тилде – “Кашкар-кыштак АКӨБ, официалдуу тилде ТОС «Кашкар-кыштак».
1.6. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун уюштуруучулары болуп Карасуу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн № 1 жана №2 бөлүмдөрүнүн жашоочулары эсептелинет (жалпы чогулуштун протоколу тиркелет).
1.7. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Карасуу району, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, Кашкар-Кыштак айылы.
1.8. “Кашкар-кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүк жүргүзүү аймагынын чектерин Кашкар-кыштак айлынын № 1 жана №2 бөлүмдөрүнүн жашоочуларынын – уюштуруучулардын сунушун эске алуу менен Кашкар-Кыштак айылдык кенеши белгилейт жана бекитет.
1.9. “Кашкар-Кыштак” АКӨБу Кашкар-Кыштак айылдык кенешинен эсептик каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн статусуна ээ болот.
2. Юридикалык статусу
2.1. “Кашкар-Кыштак” АКӨБ юридикалык тарап катары өзүнүн статусуна Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары чектеген тартипке ылайык мамлекет тик каттоодон өткөндөн кийин ээ болот.
2.2. Кашкар-Кыштак” АКӨБ уюштуруучулук-укуктук формасы мекеме (учреждение) жана юридикалык тарап катары төмөндөгүлөргө укуктуу:
2.3.Өзүнүн герби бар, мөөрүнө, штампына, эмблемасына, логотибине ээ боло алат жана алар чектелген тартипте каттоодон өтүшү керек;
2.4.Банктарда жана башка кредиттик ишканаларда оз алдынча балансын, эсептешүү жана башка счетторун, анын ичинде чет элдик валюталык счетторун да ачууга болот;
2.5.Мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ, сот иштеринде кайрылуучу, жооп берүүчү тарап болот жана жоопкерчилик жүктөлөт;
2.6.“Кашкар-Кыштак” АКОБ өзүнүн жоопкерчилигинде башкаруу органда - рына шайлаган ушул айылдардын жашоочуларынын - уюштуруучулардын Жалпы “Кашкар-Кыштак” АКӨБ Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин85-, 164-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө уруксат берилет
3. Түзүүнүн максаты жана ишмердүүлүгүнүн багыттары
3.1. “Кашкар-Кыштак” АКӨБүн түзүүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
3.2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү маанидеги иштерди өз алдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн Кашкар-Кыштак” айылынын аймагында “Кашкар-Кыштак” аймактык өз алдынча башкаруусун жана анын башкаруу структурасын уюштуруу;
3.3“Кашкар-Кыштак” АКӨБ башкаруу органынын иштерин, ишмердүүлүгүн уюштуруу жолу менен Кашкар-Кыштак айлынын № 1 жана №2 бөлүмдөрүнүн өз алдынча башкарууну децентралдаштыруу (“Кашкар-Кыштак” АКӨБдүн башкаруу органына шайланган ушул айылдардын жашоочуларынын жана айыл башчысынын жетекчилигинде);
3.4.“Кашкар” АКӨБнүн ишмердүүлүгү аркылуу жергиликтүү маанидеги иштерди өз алдынча башкарууда жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырууда ушул айылда өз алдынча башкаруунун эффективдүү механизмин ишке ашыруу;
3.5.Ушул айылдын жашоочуларын жергиликтүү маанидеги иштерге карата чечим кабыл алуу процессине тартуу, катыштыруу жана жергиликтүү денгээлде системалуу түрдө отчет берип турууну күчөтүү;
3.6.Ушул айылдын аймагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзгөн иштеринин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жогорулатууга алар менен чогуу аракеттерди жасоо;
3.7.Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын шартын жакшыртууга жана алардын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
3.8. Өзүнүн максаттарына жетүү үчүн “Кашкар-Кыштак” АКӨБ төмөндө көрсөтүлгөн багыттагы ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашырат:
3.8.1.“Кашкар-Кыштак” АКӨБнүн ишмердүүлүгүн уюштуруу, анын башкаруу органдарынын (текшерүү комиссиясы, башкармалык) курамына ушул айылдын айыл башчысы, өз алдынча башкаруунун алгачкы институттарынын лидерлери, традициялык уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кенештердин депутаттары, бизнес сектордун өкүлдөрү], мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү шайлоо жолу менен кирет;
3.8.2.Көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан жергиликтүү маанидеги иштерди уюштурууда жана аларга карата чечим кабыл алуу процесстеринде ушул айылдардын жашоочулары менен айыл башчысынын ортосунда өз ара байланышты, өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу;
3.8.3.Маалымат жеткирүү жана алмашуу, муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча айыл башчысынын, ушул айылдардын жашоочуларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ортосунда өз ара байланышуу механизмин түзүү, айкындыкты, ачыктыкты жана отчеттуулукту күчөтүү (ушул айылдардын жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды ала албайт, анын ичинде кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар, кайрылуулар, улуттук программалар, жергиликтүү бюджет, муниципалдык менчик, өнүгүүнүн стратегиялык пландары, кабыл алынган чечимдердин аткарылышы ж.б.);
3.8.4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эффективдүү өз ара мамилени түзүү үчүн маалыматтарды топтоо, карап чыгуу, өз ара алмашуу процесстеринде “Кашкар-Кыштак” АКӨБ менен айыл башчысынын ортосунда бирге аракеттенүүнү жөнгө салуу;
3.8.5.Айыл башчысынын системалык жана эффективдүү иш алып баруусун куруу (ушул айылдын айыл башчысына айыл өкмөтү жана мамлекеттик органдар менен маалыматтарды оперативдүү алмашып туруусу үчүн материалдык-техникалык базасы бар, системалык программалар менен камсыз болгон ылайыктуу иш ордун түзүү)
3.8.6.Ушул айылдардын жашоочуларын айылды өнүктүрүүнү пландоо процесстерине (социалдык, экономикалык, маданий) тартуу жана аларды пландарды ишке ашырууга катыштырууну уюштуруу;
3.8.7.Ушул айылдардын жашоочуларынын катышуусунда жергиликтүү бюджет менен байланышкан айылдын стартегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу;
3.8.8.Жергиликтүү маанидеги иштерге карата чечим кабыл алуу процесстерине гендердик балансты сактоо менен ушул айылдардын жашоочуларын активдүү катыштырууга мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүү;
3.8.9.КРнын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар жонундогу» Мыйзамында каралгандай жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары тарабынан Келишимдин негизинде берилген ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү маанидеги айрым иштерге карата ишмердүүлүктөрдү ишке ашыруу;
3.8.10.Айыл өкмөтүнүн күн сайын жүргүзүлүүчү ишмердүүлүк процесстеринде чечилүүчү айыл жашоочуларынын өнүгүүсүнө байланышкан иштер, көйгөйлөр жана башка маалыматтар боюнча айыл өкмөтүн убагында кабардар кылып туруу жана ушул айылдардын жашоочуларынын айыл өкмөтүнө карата болгон ишенимин жогорулатуу;
3.8.11.Айыл денгээлинде өз алдынча башкаруунун эффективдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн “Кашкар-Кыштак” АКӨБүн Башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн потенциалдарын жогорулатуу;
3.8.12.Жергиликтүү маанидеги иштерди жана көйгөйлөрдү чечүүгө карата ишмердүүлүк жүргүзгөн өз алдынча башкаруунун алгачкы институттары (жамааттар, өз ара жардамдашуу тобу, аялдар жана жаштар уюмдары, аксакалдар соту, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.) менен туруктуу кызматташууну түзүү жана өнуктүрүү, алардын мүчөлөрү менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөзүү;
3.8.13.Эл аралык жана донор уюмдары менен кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү, алардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөзүү.
4. Мүлкү жана каржы каражаттары
4.1. “Кашкар” АКӨБдун мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1)Уюштуруучулардын жана башка юридикалык жактардын жана жарандардын, Кыргыз Республикасынын жана эл аралык инвесторлордун өз ыктыяры менен кошкон салымдары;
2)“Кашкар-Кыштак” АКӨБгө менчикке же убактылуу пайдаланууга берилген чарба обьектилери, турак-жай жана турак-жай эмес фонддору, ошондой эле материалдык жана башка ресурстар;
4.2. “Кашкар-Кыштак” АКӨБу өзүнүн атайын фондун - «АКӨБдү өнүктүрүү Фонду» түзүүгө укуктуу (мындан ары текст боюнча Фонд).
4.3. Фонд төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт жана толукталат:
1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана жарандарынын, ошондой эле Эл аралык инвесторлордун өз ыктыяры менен кошкон салымдарынан;
2)Айыл өкмөтүнүн берген ыйгарым укуктарына ылайык акы алып элге кызмат көрсөтүүлөрдөн жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча тийиштүү ЖӨАБ органдары жана чарбачылык субьектилер менен келишимдин негизинде аткарган иштерден түшкөн каржы каражаттарынан;
3)Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тыюу салбаган башка ишмердүүлүктөрдөн жана түшүүлөрдөн алынган кирешелерден;
4.4. Уюштуруучулар юридикалык жактар, жарандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мүлктөр жана каржы каражаттары “Кашкар-Кыштак” АКӨБдүн менчиги болуп кала берет.
4.5. “Кашкар-Кыштак” АКӨБ өзүнүн менчик имаратына, бөлмөсүнө (помещения), турак-жай фондусуна, оргтехникасына, баалуу кагаздарына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тыюу салбаган түрдүү материалдык же башка ресурстарга ээ болууга укуктуу.
4.6. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун мүлкү Уставда көрсөтүлгөн максаттарына жана иштиктүү натыйжага жетүүгө, ошондой эле туруктуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө пайдаланылат.
4.7. “Кашкар-Кыштак” АКӨБдун Фондусунун каржы каражаттары уюштуруучулардын жалпы чогулушу бекиткен бюджеттин негизинде пайдаланылат жана бул каржы каражаттары төмөнкүлөрду каржылоого жумшалат:
1)Ишмердүүлүкту жүргүзүү үчүн керек болгон мүлктү сатып алууга;
2)Ушул айылдын жашоочуларын социалдык жана институционалдык жактан өнүктүрүүгө;
3)Кызмат төлөмдөргө (оплату должностного оклада) жана “Кашкар-Кыштак” АКӨБнүн башкаруу органдарынын активдүү мүчөлөрүнө жана ушул айылдардын активдүү жашоочуларына сыйлык катары төлөөгө;
4)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн керек болгон башка чыгымдарга.
5. Башкаруу органдары
5.1. “Кашкар-Кыштак” АКОБнун жогорку башкаруу органы болуп “Кашкар-Кыштак” айылынын жашоочуларынын - уюштуруучулардын Жалпы чогулушу эсептелинет жана бир жылда бир жолу чогулушат. Жалпы чогулуш айылдын 16 жаштан жогорку жашоочуларынын3ү2синен көбү гендердик балансты сактоо менен чогулушса гана жалпы чогулуш кворумга ээ болот.
5.2. Жалпы чогулуштун (исключительной) компетенциясына төмөнкү маселелер боюнча чечим кабыл алуу кирет:
Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
АКӨБдүн мүлкүн пайдалануу тартиби;
3)“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Фондусунун бюджетин жана анын каржы каражаттарын “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун аткаруучу - Башкармалыктын жана көзөмөлдөөчү – Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу;
4)“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун жүргүзгөн ишмердүүлүгү жөнүндөгу бир жылдык отчетун “Кашкар-Кыштак” АКӨБдүн кайрадан уюштуруу жана жоюуу.
5.3. Уюштуруучулардын жалпы чогулушу “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
5.4. Уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими чогулушка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.5. Уюштуруучулардын жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде анын ишмердүүлүгүнө жетекчиликти ишке ашыруучу болуп “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун аткаруучу органы Башкармалык эсептелинет.
5.6. Башкармалык Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн “Кашкар-Кыштак” айылынын жашоочуларынын - Жалпы чогулушунда 4 жылга гендердик балансты сактоо менен 15 кишиден турган курамда шайланат жана аны Башкармалыктын 1-чи жыйынында (заседание) мүчөлөрү тарабынан шайланган Башкармалыктын төрагасы же төрайымы жетектейт.
5.7. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Башкармалыгынын жыйыны Төрага же төрайым тарабынан керектүү болгон учурда, бирок 1 айда2 жолудан кем эмес чакырылат.
5.8. Башкармалыктын жыйыны анын жалпы мүчөлөрүнүн санынан2ү3 кем эмес мүчөсү катышса маселени кароого укуктуу.
5.9. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери:
1)Коюлган максаттарга жетүү боюнча ушул Уставга ылайык ишмердүүлүктөрдү аткаруу;
2)Башкармылыктын төрагасын же төрайымын кызмат ордуна шайлоо жана ээлеген кызматынан бошотуу;
3)Ишмердүүлүктүн күнүмдүк жана перспективалык иш пландарын иштеп чыгуу;
4)Ишмердүүлүктүн ички регламентин иштеп чыгуу жана андан кийин Башкармалыктын жыйынында бекиттирүү;
5)Фонддук бюджетте каралган каржы каражаттарына жараша убактылуу иш (контрактерам) аткаргандардын акысынын (заказ берилген иштин түрүнө карата) суммасын бекитүү;
6)Фонддук бюджетте каралган каржы каражаттарына жараша АКӨБдүн башкаруу органдарынын активдүү мүчөлөрүнө жана ушул айылдын активдүү жашоочуларына сыйлык катары төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасын бекитүү;
7)Ушул айылдардын аймагын көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштуруу жана катышуу;
8)Ушул айылдардын аймагын көрктөндүрүү, турак-жай фондун, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбачылык обьектилерди куруу жана ремонттоо боюнча иштерди аткарууда ушул максаттарга каралган жергиликтүү бюджеттин каржы каражаттарын жана өздүк каржы каражаттарын колдонуу менен Буюртмачы (Заказчик) болуп чыгуу;
8)Ушул айылдардын социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүсү боюнча стратегиялык планды айылдын жашоочуларынын катышуусу менен иштеп чыгууну координациялоо жана айыл өкмөтүнүн кароосуна сунуштоо;
9)Жергиликтуу маанидеги иштер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (АК) жана аткаруучу-тескөөчүү органдары (АО) менен, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка чарбачылык субьектилери менен келишимдин негизинде чогуу аракеттерди жасоо;
10)Ушул айылдардын аймагын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кароодо Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн кеңешинин жыйынына (заседаниесине) катышуу;
11)Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүү;
12)“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча уюштуруучулардын жалпы чогулушунун кароосуна сунуштарды киргизүү;
13)Курултайларда жана айылдык чогулуштарда (сельский сход) кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну уюштуруу жана ага көмөк көрсөтүү;
14)Уюштуруучулардын жалпы чогулушунун алдында өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес отчет берип туруу;
15)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка (полномочиелерди) укуктарды пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
5.10.Башкармалык өзүнүн чечимдерин жыйында катышып жаткан Башкармалыктын мүчөлөрүнүн2ү3 добушу менен кабыл алат.
5.11.Башкармалыктын мүчөлөрү төмөнкү учурларда ушул айылдардын жашоочуларынын-уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими менен мөөнөтүнө жеткизбестен мүчөлүктөн алынышы мүмкүн:
1)өзүнүн милдеттерин көп жолу аткарбаса же ушул убакытка чейин дагы дисциплинардык айыбы бар болсо;
2)айыл өкмөтүнүн аймагынан сырткары көчүп кетсе;
3)күчүнө кирген соттун күнөө коюуу чечиминин негизинде;
4)көп убакыт бою эмгекке жарабастыгына же өлүмүно карата;
5)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда, андан кийин Башкармалыктын жаңы мүчөлөрүн шайлоо менен.
5.12.“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Башкармалыгынын төрагасы же төрайымы Башкармалыктын 1-жыйынында (заседаниесинде) мүчөлөрүнүн арасынан2 жылдык мөөнөткө шайланат жана ушул жыйындын чечими менен бекитилет.
5.13. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Башкармалыгынын төрагасы:
1)Коюлган максаттарга жетүү боюнча ушул Уставга ылайык АКӨБнун жалпы ишмердүүлүгүн координациялайт;
2)Башкармалыктын кароосуна киргизиле турган маселелерди аныктайт, анын жыйынын чакырат жана алып барат;
3)Башкармалыктын мүчөлөрү үчүн ички тартиптин Эрежелерин бекитет;
4)Башкармалыктын мүчөлөрүнүн кызмат милдеттерин аныктайт;
5)Фонддун бухгалтердик эсебин жана каржы отчеттуулугун, ошондой эле АКӨБдүн статистикалык жана башка эсептерин жүргүзөт;
6)Башкармалыктын жыйынында жана уюштуруучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашырат, АКӨБнун ишмердүүлүгүндөгу мыйзамдуулукту камсыз кылат;
7)“Кашкар-Кыштак” АКӨБүнун атынан ишеним каты (доверенность) жок эле иш-аракеттерди жасай алат, мекемени бардык ишкана-уюмдарда көрсөтө алат, анын мүлкүнө, каржы каражаттарына карата буйрук бере алат, келишим түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка счетторду ачат;
8)Өзүнүн компетенциясынын чегинде АКӨБдун ишмердүүлүгү боюнча буйруктарды чыгарат, Кыргыз Республикасынын эмгек Кодексине ылайык керектүү учурларда убактылуу ишке контракттарды түзөт (заказ берилген иштин түрүнө карата), аларга Фонддун эсебинен Башкармалык белгилеген суммага ылайык төлөмдөрдү берүүнү уюштурат;
9)Башкармалыктын жана ушул айылдардын жашоочуларынын активдүү мүчөлөрүн Фонддун эсебинен сыйлоо боюнча Башкармалыктын жыйынынын (заседание) кароосуна сунуштарды берет жана Башкармалык бекиткен суммага ылайык төлөмдөрдү берүүнү уюштурат;
10)Ревизиялык комиссиянын чечимдерин аткарат, АКӨБдүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту камсыз кылат;
11)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
5.14. Ревизиялык комиссия – “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун Башкармалыгынын жана анын төрагасынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн үстүнөн көзөмөл кылуучу орган.
5.15. Ревизиялык комиссия “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун жылдык отчеттору жана балансы боюнча корутунду түзөт жана уюштуруучулардын Жалпы чогулушунун кароосуна берет.
5.16. Ревизиялык комиссия ушул айылдардын жашоочуларынын активдүү лидерлеринин арасынан гендердик балансты сактоо менен уюштуруучулардын Жалпы чогулушунда2 жылдык мөөнөткө шайланат.
5.17. Ревизиялык комиссиянын курамына Башкармалыктын курамына киргендер мүчө болуп кире алышпайт.
5.18. Башкармалыктын мүчөлөрү жана төрагасы же төрайымы ревизиялык комиссиянын кароосуна ревизиялык текшерүүлөргө керек болгон материалдарды жана документтерди берүүгө милдеттүү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу шарттарды түзүп берүүну камсыз кылат.
7. Документтерди сактоо
7.1. Мамлекеттик, социалдык, экономикалык жана салык саясатын ишке ашыруу максатында “Кашкар-Кыштак” АКОБ башкаруу, каржы-чарбалык жана башка ишмердүүлүкө карата жүргүзгөн документтерди сактоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат.
7.2. “Кашкар-Кыштак” АКӨБ төмөнкү документтерди сактоого милдеттүү:
1)“Кашкар-Кыштак” АКОБдун мамлекеттик каттоодон өткөн Уставы, ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кайрадан каттоодон өткөн Уставы;
2)“Кашкар-Кыштак” АКӨБну түзүү жөнүндөгү ушул айылдардын жашоочула- рынын Жалпы чогулушунун Протоколу, анын мамлекеттик каттодон өткөндүгү тууралу күбөлүгу;
3)“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун өзүнүн мүлкүнө ээ болгон укуктарын күбөлөндүрүүчү тастыктоочу документтери;
4)Башкармалыктын жыйынында бекитилген регламенттөөчү ички документтер;
5)Жылдык каржы каражаттары боюнча отчеттору;
6)“Кашкар-Кыштак” АКӨБнун статистикалык эсептик документтери, Фонддун эсеп-кысап жана каржы каражаттары боюнча отчеттору;
7)Ревизиялык комиссиянын же аудитордук текшерүүлөрдүн актылары жана башка документтери;
8)Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка документтер.
8. Ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби
8.1. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүгү кайрадан уюштуруу же жоюуу формаларында токтотулушу мүмкүн.
8.2. “Кашкар-Кыштак” АКӨБну кайрадан уюштуруу ушул айылдардын жашоочуларынын – уюштуруучулардын Жалпы чогулушунун чечими боюнча ишке ашырылат жана АКӨБнө тийиштүү болгон укуктар жана милдеттенмелер анын укук кабыл алуучусуна (правопреемнику) өткөрүлөт.
8.3. “Кашкар-Кыштак” АКОБдун жоюулуусу төмөндөгүлөрдүн негизинде ишке ашуусу мүмкүн:
1)Ушул айылдардын жашоочуларынын – уюштуруучулардын Жалпы чогулушунун чечими менен;
2)Соттун чечими менен;
3)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
8.4. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун кайра уюштуруулусу жана жоюулуусу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8.5. “Кашкар-Кыштак” АКӨБу жоюула турган учурда ага убактылуу пайдаланууга же менчикке берилген мүлк өз ээсине кайтарылып берилет, ал эми каржы каражаттары калган мүлктү саттудан түшкөн кирешени кошуу менен жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн, кредиторлор менен эсептешкенден кийин “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун башкаруу органынын мүчөлөрүнө таркатылып берилбейт. Ал каражаттар ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга гана жетүүгө багытталат.
8.6. Кашкар-Кыштак” АКӨБун бардык документтери (башкаруу, каржы-чарбачылык, жеке курамы боюнча ж.б.) анын ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мамлекеттик сактоо тартибинде архивге өткөрүлүп берилет. “Кашкар-Кыштак” АКӨБнун ишмердүүлүк процессинде пайда болгон документтери өзү жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд жөнүндөгү» мыйзамына ылайык сакталат.