КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 8
Жайыт комитетинин 2013-жылга
аткарган иштери жана 2014-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун «Жайыт комите- тинин 2013-жылга аткарган иштери жөнүндө угуп жана 2014-жылга бюджети- нин долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгү- дөй кирешелерден;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган салыктардан, сезонго - ири мүйүздүү малга – 125 сомдон,
- майда мүйүздүү малга( кой, эчкилерге) – 25 сомдон,
- жылкыга -125 сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу салыктардан , сезонго ;
- ири мүйүздүү малга – 250 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) - 50 сомдон,
- жылкыга – 250 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу салыктардан,ү
- 1 га жер аянтына 1 жылга - 250 сомдон,
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу салыктардан ;
1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн (Бюджеттин долбоору тиркелет)
3. Жайыт комитетинин бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөндөгү чыгашалар- дан :
- айыл өкмөтүнүн бюджетине – 53 586 сом,
- эмгек акыга - 108 000 сом,
- соцфондго - 53 586 сом,
- эмгек акыдан салык - 8 640 сом,
- жайыт жолдорун оёдоо - 50 000 сом,
- транспорттук чыгымдар - 30 000 сом,
- жер салыгы - 53 586 сом,
- аудиттик кызмат үчүн - 4 000 сом,
- башка чыгымдар - 11 558 сом,
- соцфонд 25%, 2% - 18 630 сом,
- канцеляриялык буюмдарга - 3 000 сом,
- жайыт комитеттеринин райондук Ассоациясына - 9 000 сомдон туруп,
Баары 350 000 (/ч жүз элүү миё) сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |