Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 5
«Муниципалдык менчикте турган жер
аянттарын ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү» Жобону бекитүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин бюджеттик комиссиясы сунуштаган «Муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн шарттары жөнүн дөгү» Жобону талкуулап чыгышып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнү жөнгө салуу максатында «Муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү» Жобосу бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн адистерине - муниципалдык менчикте турган жер аянтта- рын ижарага берүүдө катуу тартипте аталган Жобону жетекчиликке алышсын жана коррупциялык аракеттерге жол бербөөнү камсыз кылышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |