Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XII (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 1-апрели № 2
Айыл өкмөтүнүн алдында «Абат айыл»
муниципалдык чарбасын түзүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргү зүү, айылдарда, көчөлөрдө, коомдук жайларда чогулган таштандыларды, акыр чикирлерди ташып чыгаруу боюнча элдин талабын орундатуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Абат айыл» муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана анын Уставы бекитилсин.
2. «Абат айыл» муниципалдык ишканасынын уставдык фондуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1500,0 миң (Бир жарым миллион) сом бөлүнүп берилсин.
3. «Абат айыл» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин, бюджетин аныктоо;
- жергиликтүү калкты тейлөөдө таштандыларды ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин иштеп чыгуу;
- иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү ;
- Мөнөк,Кенжекул айылдарында жайгашкан карьерлер «Абат айыл» ишкана- сынын карамагына өткөрүп берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мен - чик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |