Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 3
«Эл Кат» ЖЧКнын кабелдик байланыш
түйүнүн Чоң-Алай айылдык аймагы
аркылуу алып өтүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык округунун 2013- жылдын 06- сентябрындагы 1495 номерлүү сунуш катын карап жана талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин кезектеги (5 чакырылышынын) 9 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагы аркылуу «Эл Кат» ЖЧКна кабелдик байланыш түйүнүн алып өтүүсү үчүн мыйзамга ылайык 17000 м кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. «Эл Кат» ЖЧКна бөлүнүп берилүүчү жер аянты жергиликтүү калкка зыянын тийгизбегендей тартипте жана жер мыйзамдарын ошондой эле тиешелүү бардык нормативдик укуктук актыларды, жоболорду мыйзамдарды сактоо менен жүргүзүлүүсү Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, муниципалдык чарба боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|