Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 6
Чоң-Алай айылдык аймагында көмүр, алтын,
күмүш жана башка тоо кең байлыктары менен
ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан инвесторлор жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймагында Көмүр, алтын,күмүш жана башка тоо кен байлыктары менен лицензиянын негизинде ишмедүүлүк жүргүзүп жаткан инвесторлордун айылдык аймактык бюджетине мыйзамдуу салыктарды өз убагында төлөбөй, жылдап кечиктирип жаткандыгын талкуулап
Чоң-Алай айылдык кеңешинин кезектеги (5 чакырылышынын) VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагында Көмүр, алтын,күмүш жана башка тоо кен байлыктары менен лицензиянын негизинде ишмедүүлүк жүргүзүп жаткан инвесторлордун менен мыйзам чегинде, жергиликтүү эө алдынча башкаруу органдарынын жер казынасын пайдалануудагы ыйгарым укуктарын колдонуу менен инвесторлорго иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К. Абдылдаевге тапшырылсын.
2. Чоң-Алай айылдык аймагында Көмүр, алтын,күмүш жана башка тоо кен байлыктарын казып өндүрүү менен ишмердүүлүк жүргүзгөн инвесторлордон Чоң-Алай айылдык аймагынын бюджетине түшүүчү мыйзамдуу салыктардын бардык түрү боюнча эки айдын ичинде өндүрүп бюжетке төктүрүү Алай айылдык аймагынын башчысы К. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|