Редакцияот 08.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 8-майы № 3

Чоң-Алай айылдык аймагында кен казуу менен

ишмердүүлүк жүргүзгөн мекеме ишканалар жөнүндө

 

Чоң-алай айылдык аймагында кен казып алуу менен ишмердүүлүк жүргүзгөн ЖЧКдын, жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын салык кодекстерине жана жер кодекстерине ылайык иш жүргүзбөй жаткандыгына жана милдеттүү түрдө төлөнүүчү салыктарды жылдап кечиктирип жүрүшкөндүктөн Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышындагы сегизинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагында тоо кендерин казып ишмердүүлүк жүргүзгөн ЖЧКдын жана жеке ишкерлерден милдеттүү түрдө төгүлүүчү салыктарды токтом чыккан күндөн баштап он беш күндүн ичинде салыктарды толук өндүрүүнү

Чоң- Алай айылдык аймагынын башчысы жана аппараты тиешелүү мекеме ишканалар менен биргеликте иш планын иштеп чыксын.

2. Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаев жана айылдык аймактын аппараты,салыкчылар А.Абжамилов токтом чыккан күндөн баштап кырк беш күндүн ичинде төлөнүүчү салыктарды толук төктүрүүгө милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө бюджет жана экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов