Редакцияот 08.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 8-майы № 5

Чоң-Алай токойчулугунун сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай токойчулугунун элге берилле турган продукцияларына эсептелген баалар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;

1. Санитардык кыюудан даярдалган отундар:

-Отунга                                      (1 скл м3) 727 сом,

-Там жабуу үчүн шакка           (1 скл м3) 208 сом,

2. Токойду тазалоодон чогултулуп даярдалганотундар:

- Кургак отунга                          (1 скл м3) 250сом,  

- Кургак шакка                           (1 скл м3) 72 сом,

3. Отургузуу (эгүү) үчүн көчөттөр:

- тал терек 2 жылдык 5 сом, 3-4 жылдык 15 сом. (1 скл м3) 727 сом,

4. Чоң-Алай токойчулугуна караштуу жайытка мал башына алынуучу ижара төлөмдөрү:

- Бир баш төөгө                72 сом

- Бир баш жылкыга          72 сом

- Бир баш уйга                   60 сом

- Бир баш эчкиге               36 сом

- Бир баш койго                12 сомго

5. Чоң-Алай токойчулугунун айдоо жана чөп чабындыга алынуучу ижарага төлөмдөрү:

- Айдоо суулуу 1 га жерге            2000 сом

- Айдоо кайрак 1 га жерге            1700 сом

- Чөп чабынды  1 га жерге            1500 сомго

6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин алдындагы «айыл чарбасы жер жана көрктөндүрүү» боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов