ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 8-майы № 8
Чоң-Алай айылдык аймагындагы шайлоо
участкаларына, участкалык шайлоо
комиссияларынын резервин бекитип берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктаганына байланыштуу Чоң-Алай айылдык аймагындагы шайлоо участкаларына, участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук,укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|