Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-сентябры № 2
Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы Дара Кызыл-Туу
каналына Туйгунов Насеридиндин атын ыйгаруу жөнүндө
Дароот-Коргон айылынын жашоочуларынын сунушун карап талкуулап Туйгунов Насеридин азыркы күнгө чейин эл үчүн кызмат өтөп, райондун социалдык-экономикалык өнүп-өсүшүнө чоң салымын кошконун белгилешип , Дара Кызыл-Туу каналына анын атын ыйгаруу татыктуу деп эсептешти.
Жогорудагылардын негизинде Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дароот-Коргон айылынын жашоочуларынын сунушу эске алынсын
2. Дароот-Коргон айылындагы Дара, Кызыл-Туу каналына Туйгунов
Насеридиндин аты ыйгарылсын.
3. Юридикалык документтерин мыйзам чегинде даярдоо жана каналдын бузулган жерлерин жыл сайын оңдоп түзөө жагы Туйгунов Насеридинге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери», коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|