Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-сентябры № 3
Чоң-Алай айылдык аймагынын территориясы аркылуу
өтүүчү Кыргыз Кытай газ түтүктөрүнө жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Кытай газ түтүгү Чоң-Алай айылдык аймагынын территориясы аркылуу алып өтүүсүнө болжолдуу долбоорун Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин билдирүүсүн талкуулап.
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын территориясы аркылуу өтүүчү Кыргыз Кытай газ түтүктөрүнө Чоң-Алай айылдык аймагынын жер комиссиясы тарабынан сунушталган долбоорго ылайык жер бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Кытай газ түтүгү Чоң-Алай айылдык аймагы аркылуу алып өтүлүүдө айыл чарбасына пайдаланылбай турган жерлер аркылуу жана Сары-Булак,Кулчу айылдарынын транспорт өтүүчү жолдору менен Ак-Кыя аркылуу өтүп Чак айылынын кыясы аркылуу башкача айтканда Кызыл-Суу дарыясынын түндүк тарабы менен Бабанын коктусуна чейин келип андан Кызыл-Суу аркылуу тескейге өтүп Туздун сайы аркылуу Дароот-Коргон айылынын түштүк тарабындагы Кызыл-Суу дарыясынын түштүк тарабы менен Маманын токойунун түштүк тарабынан өтүлсүн.
3. Элдин жыйым терим иштерине, айыл чарба иштерине, жайлоого көчүп түшүүдө, айылдар аралык жолдорго, эл каттаган жолдорго терс таасирин тийгизбестен иш алынып барылуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү айылдык аймактын башчысы К Абдылдаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, дептаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|