Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-сентябры № 4
Дароот-Коргон айылындагы Таза-Сууну айылдык аймактын
балансасына өткөрүү жөнүндө
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылдык аймагынын аймактык кеңешинин депутаттык топтун билдирүүсүн талкуулап.
Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылдык аймагынын аймактык кеңешинин депутаттык топтун сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы Таза-Сууну 2014-жылдын 1-ноябрына чейинки убакытта Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы аталган Таза-Сууну айылдык аймактын балансасына өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|