Редакцияот 14.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы

 

2015-жылдын 14-февралы № 6

Мал базарды жылдыруу жөнүндө

Чоң-Алай районунун Кара-Мык,Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек,

Жар-Башы,Кулчу айылдарынын көпчүлүгүнүн мал базарды жылдыруу боюнча арыздарын  талкуулап.

Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин  бешинчи чакырылышынын кезектеги он биринчи   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы мал базары Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы көпүрөнүн сол тарабына жылдырылсын.

2. Мал базарды жылдыруу жана шарттарын түзүп берүү жагы Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов