Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-февралы № 48/7-5
Талас шаарында коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2009-жылдын 19-февралындагы №01-1/127 сандуу катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Чүй-Талас бөлүмү менен 26.02.2009ж. №10 буйругу менен бекитилген жана Талас шаарынын тургундарынын өтүнүчүн карап чыгып, азыркы мезгилде күйүүчү-майлоочу майлардын арзандап жаткандыгына байланыштуу жана Талас шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташууну жогорку деӊгээлде камсыз кылуу максатында, депуттардын Талас шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун кызмат акысы 7 сомдон 5 сомго түшүрүлсүн.
2. Кабыл алынган токтом Талас областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен Талас шаардык "Жащы Багыт" жана Талас областтык "Талас турмушу" газеталарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, жарыялангандыгы жөнүндө Талас областык Адилет башкармалыгына билдирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу шаардык кеӊештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча" (А.К.Кушубаков) туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Жаналиев |