Редакцияот 14.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы

 

2015-жылдын 14-февралы № 7

Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу

КБФынын жерлеринин ижара акыларын көтөрүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп

Чоң-Алай айылдык аймагынын жер  адистери З.Исаковдун жана Э.Абдурахимовдун  КБФнын жерлеринин ижара акыларын көтөрүү жөнүндө сунуш катын  карап чыгып талкуулап.

Чоң-Алай айылдык аймактык Кеңешинин  бешинчи чакырылышынын кезектеги он биринчи   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 230 сандуу салык кодексине ылайык,Чоң-Алай айылдык аймагына тиешелүү КБФ нун жерлерин ижара акылары 0,05 %   көтөрүлүп башкача айтканда суулуу жерге 1 га 300 сом

кайрак жерге 1 га 200 сом

чөп чабынды 1 га 200 сом болуп бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба көрктөндүрүү комитетине  тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов