Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 21/7
“Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга
бюджетин жана 2016-2017-жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө”
«Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2016-2017-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилбек уулу Талантбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин көлөмү бекитилген киреше 1741,5 (бир миллион жети жуз кырк бир мин беш жүз) сом, атайын каражаттан 1,0(бир мин)сом тендөөчү грант 5046,1 (беш миллион кырк алты мин бир жүз) сом жалпысы: 6788,6(алты миллион жети жуз сексен сегиз мин алты жүз) сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Республикалык бюджеттен берилуучу тендөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган жана багытталган статьяларга калган сумма башка түрдүү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
3. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 21 статьясына ылайык жалпы жылдык бюджеттин 1 пайыз өлчөмүндө айыл өкмөттүн резерфдик фонду түзүлсүн.
4. Аксы райондук каржы бөлүмү тарабынан берилген кошумча уведомленияларга негиз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Кара-Суу айылдык өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Тилекбаевге милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрү боюнча аткарууну Айыл өкмөттүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык 220560,78 (эки жуз жыйырма мин беш жүз алтымыш сом 78 тыйын) сом 2015-жылга чарбалык максатта материалдарды сатып алууга жумшалсын.
22221200-ст. Чарбалык максатта материалдарды сатып алууга 220560-78 (эки жүз мин беш жүз алтымыш сом 78 тыйын) жумшалсын.
7. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Б.Жоошбаевке жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Керимкулов
|