Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 21/9
Жайыт комитетинин туяк пулга коюлуучу баасын бекитүү
Жайыт комитетинин туяк пулга коюлуучу баасын бекитүү жөнүндө Кара-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга карата жайыт комитетинин туяк пулга коюлуучу баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Жылкы 50 сом
Уй 50 сом
Кой,эчки 15 сом
Эшек 50 сом.
2. Көрсөтүлгөн баада туяк пул алуу жагы жайыт комитетинин курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Керимкулов
|