КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 24-январы № 20/1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун
мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын»Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине таянып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин karasuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Керимкулов
|