Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-июну № 35
Манас райондук Кеӊешинин 26.02.2009-жылы кабыл алынган № 15 токтомуна өзгөртүүлөрдү киригизүү жөнүндө
Манас райондук Кенешинин "Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын 15.06.2009ж отурумунун сунушунун жана Кыргыз Республикасынын 17.10.2008 жылы № 230 Салык Кодексинин колдоонууга киригизуу жонундогу мыйзамынын 339-статьясынын 4 пунктуна ылайык Манас райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын экономикалык пландаштырылган зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн экономикалык пландаштыруучу коэффиценти К1, 1,5 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Салык Кодексинин 327 -статьясынын 8 пунктуна убактылуу маратории жарыялангандыгына байланыштуу кыймылсыз мүлктөргө салыкты эсептөө үчүн К2 коэффициенти колдонулбасын.
3. Кабыл алынган токтом Талас областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Кабыл алынган токтом Манас райондук "Манас жарчысы" жана Талас областтык "Талас Турмушу" газеталарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, жарыяландыгы үчүн Талас областтык Адилет башкармалыгына билдирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу райондук Кеӊештин "Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясына (С.Маматаев) жүктөлсүн.
Манас райондук кеӊешинин төрагасы |
Е.Т.Кузебаев
|