Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 15-1
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу , экология, жаратылышты коргоо, өнөр жай, кайра иштетүү жана транспорт боюнча комиссиянын А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Киров айылынын тургуну Сатыбалды уулу Нурландын арызын канаттандыруу жөнүндөгү токтомун бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Киров айылынын тургуну Сатыбалды уулу Нурландын берген арызын карап, анын иш программасын талкулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамын, 3 гл. №18-беренесинин -15 бөлүмүн, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 9-январындагы № 262/14 сандуу корутундусу негиз, А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин –Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, өнөр жай, кайра иштетүү жана транспорт боюнча комиссиянын отурумунун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу , экология, жаратылышты коргоо, өнөр жай, кайра иштетүү жана транспорт боюнча комиссиянын А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Киров айылынын тургуну Сатыбалды уулу Нурландын арызын канаттандыруу жөнүндөгү тоткомун бекитилсин
2. Атуул Сатыбалды уулу нурлан өзүнүн менчигинде бөлгөн жеринин 1400 ч.м жер аянтынын багытынын өзгөртүү боюнча берген арызы канаттандырылсын.
3. 2014-жылдын 4-декабрындагы №2014/1522 сандуу мамлекеттик акты, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 9-январындагы № 262/14 сандуу корутундусу негиз, атуул Сатыбалды уулу Нурландын менчигинде бекитип берилген 1400 ч.м турак-жайынын жер тилкесин автоунааларга күйүүчү май куйулуучу ишкана куруу үчүн багыты өзгөртүлсүн.
4. Атуул Сатыбалды уулу Нурланга тиешелүү болгон, багыты өзгөртүлгөн жерге, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасы жана Ноокат райондук мамкаттоо мекемесинин керектүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Атуул Сатыбалды уулу Нурланга, багыты өзгөртүлгөн жер аянтынын жер салыгы жана негизинде эсептелген айыл чарба жерлеринин алынбай калган түшүм салыгы, социалдык төлөмдөрүнүн өз тубагында туруу жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын
7. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев
|