Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХII сессиясы
2014-жылдын 18-августу № 12-1
А.Мирмахмуждов айылдык округунун кооптуу аймактарында жашаган
Атуулдарга коопсуз жерлерден турак-жай куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык округу мурунтан географиялык жайгашуусу эки дарыянын ортосунда (чыгыш тараптан Кыргыз –Ата, батыш тараптан Чечме–Сай дарыясы) жайгашкан. Акыркы жылдары болуп өткөн табыйгый кырсыктардан, айрыкча селден, жээктердин эрозиясынан жана активдашкан жер титрөөлөр, жер асты сууларынын көтөрүлүшүнөн айылдык округунун жогорудагы кооптуу аймактарында жашаган тургундарына коопсуз жерлерден турак-жай салуу үчүн жер ажыратып берүү маселеси келип чыгууда. Жогорудагы абалды тастыктаган Ноокат районунун аймагындагы коркунучтуу табыгый кырсыктарды текшерүү-анализдөө жыйынтыгы боюнча түзүлгөн комиссиянын 2006-жылдын 30-октябрндагы №60 кортундусу, 2007-жылдын 4-августундагы №13 кортундусу , 2008-жылдын 24-сентябрндагы №10 кортундусу, 2008-жылдын 13-июнундагы №4 кортундусу, 200-жылдын 26-декабрндагы АКТы, 2009-жылдын 26-август айындагы АКТы, 2010-жылдын 3-4 декабрндагы АКТы,2010-жылдын 16-мартындагы АКТы, 2011-жылдын 11-14 ноябрндагы абалды жеринде үйрөнүп чыгып түзүлгөн акттары далилдейт.
Жогоруда келтирилген кортунду жана акттардын , Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 63-беренесинин 1,2 пунктун,№32 беренесинин 1-пунктун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамынын №27-беренесинин жетекчиликке алып А.Мирмахмудов айылдык округунун Кеңешинин депутаттарынын кезектеги 13 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда келтирилген кортунду жана акттардын негизинде түзүлгөн.
2. Мирмахмудов айылдык округундагы жабыр тарткан кожолуктарга турак жай куруу үчүн коопсуз жерден, айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерден 5,5 га жер аянты трансформациялап, мыйзамдуу түрдө Мирмахмудов айылдык округунун жабыр тарткан жарандарына жер ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтом мыйзам негизинде аткаруууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевдерге жүктөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |