Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
от 27 февраля 2009 года № 47/7-5
Талас шаардык үй башкармалыгы тарабынан алынуучу акы төлөөнүн тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация" жөнүндөгү Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Чүй-Талас аймактык бөлүмүнүн 2009-жылдын 21-январындагы №1 буйругунун негизинде жана Талас шаардык үй башкармалыгынын 2009-жылдын 25-февралындагы №4 сандуу катын карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык үй башкармалыгы тарабынан сунушталган калкка кызмат көрсөтүүдөн алынуучу кызмат акыларынын тарифтери №1,3,4 тиркемелерге ылайык бекитилсин. Ал эми таштандыларды ташып чыгаруу боюнча кызмат акысы (№2 тиркеме) кайрадан толугу менен иштелип чыгып, кийинки кезектеги сессияда кароого сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтом Талас областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен Талас шаардык "Жаӊы Багыт" жана Талас областтык "Талас турмушу" газеталарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, жарыялангандыгы жөнүндө Талас областык Адилет башкармалыгына билдирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу шаардык кеӊештин "Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча"туруктуу комиссиясына (А.Байтелиев) милдеттендирилсин.
Төрага |
Ж.Жаналиев |