Редакцияот 08.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясы

 

2014-жылдын 8-октябры № 13-4

Ноокат райондук базары тар болгондугуна байланыштуу А.Мирмахмудов айылдык аймагынын «Барын» айылынын элдеринин үлүшүндө турган 10 га сугат айдоо жерине жылдыруу жөнүндө

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-январындагы №1-10/64 сандуу катында белгиленген Ноокат райондук борбордук базары тар болгондугуна байланыштуу, учурда ал базардын инфраструктурасы замандын талабына жооп бербестен калгандыгынан, базардын аянтын кеңейтүү керектигин жана ушул базарды жылдыруу максатында ыңгайлуу жер аянтын тандоо маселесин сунушталганын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесинин 4-пунктунун талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-январындагы №1-10/64 сандуу катынын, жана  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесинин 4-пунктунун талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов айылдык аймагынын «Барын» айылында жайгашкан  №2169 контурунан 10 (он)га,  сугат айдоо жерди, айыл чарба багытынан өнөр жайынын, транспоттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына трансформациялап берүү жана айылдык аймагынын жер балансына өзгөртүүлөр киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

2. А.Мирмахмудов айылдык аймагынын «Барын» айылындагы элдин үлүшүндө турган №2169 контурда жайгашкан 10 (он) га суулу айдоо жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансформациялоого  уруксат берилгенден кийин Чапаев айылында жайгашкан №2710 контурундагы мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин ордуна жылдырылып, үлүш ээлерине бөлүштүрүлүп берилсин.

3. Ушул токтом мыйзам негизинде аткаруууга алынсын.

4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевдерге жүктөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Халбуваев