ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 3
“Отуз-Адыр айылындагы борбордук
ооруканага компьютер алып берүү маселеси жөнүндө”
Отуз-Адыр айылындагы борбордук оорукананын башкы дарыгери Самибаев Жаныштын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы борбордук ооруканага компьютер алып берүү зарыл болгондугуна байланыштуу айылдык кенештин (айыл өкмөтүнүн) атынан ушул маселеде Кара-Суу райондук жергиликтүү малекеттик администрациясынын жана Кара-Суу райондук кошмо жыйындын атына каттар жолдонсун.
2. Борбордук ооруканага компьютер алып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү жолдонгон каттарга берилген жооптордун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Ташматовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Б.Жээнбековага милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |