ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXIII сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 7
“М.Жаманкулов орто мектебин Интернетке
туташтыруу жана интернет-сайт ачуу жөнүндө”
М.Жаманкулов орто мектебинин директору Жээнбекова Базардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Жаманкулов орто мектебин Интернетке туташтырып интернет-сайт ачуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү Жээнбекова Базар тарабынан көрсөтүлгөн документтердин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |