Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 18-3
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун статусун көтөрүп райондук деңгээлдеги Араван токой чарбасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Араван районунун айыл өкмөттөрүнүн аймагында Араван өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы жер аянты 29781,1 гектарды түзөт.
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы аймакта жашаган элин эске алуу менен токойдун социалдык-экономикалык маанисин жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, климатын жөнгө салуу үчүн глобалдуу жагын эске алып, токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында Керме-Тоо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун айыл өкмөттөрүнүн алыскы аймактарында жашаган элди эске алуу менен жана райондук өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме-ишканаларга керектүү деңгээлде сапаттуу түрдүү бадал-дарактарды өстүрүп берүү максатында райондук деңгээлде Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун статусун көтөрүү максатында «Араван токой чарбасын» түзүүгө макулдук берилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |