Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 18-8
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн орун басары А.Мурзаевдин, Гүлбаар айылындагы борбордук мазар толуп бараткандыктан жаңы мазарга жер аянтын ажыратуу жөнүндө сунушун карап, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн орун басары А.Мурзаевдин Гүлбаар айылындагы борбордук мазар толуп бараткандыктан жаңы мазарга жер аянтын ажыратуу жөнүндө сунушу канаатандырылсын.
2. Гүлбаар айылындагы №588 контур 3,6 гакайрак айдоо,№ 586 контур 5,4 га кайрак айдоо жана № 582 контур 11,1 кайрак айдоого жер аянты мазар үчүн ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы жаңы мазар үчүн ажыратылган 20,2 га кайрак айдоо жер аянтына иш кагаздарын даярдап, тийиштүү мекемелердин макулдугу менен токтом чыгаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |